АНАФОРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:11, 10 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАФОРА, эпанафора (гр. anahora, сөзмө сөз – кайталоо) – бир эле элементтин кайра-кайра кайталанышына негизделген стилистикалык каражат. Тыбыштык анафора бир эле тыбыштын кайталануусу, строфалык (куплеттик) анафора болсо ар бир строфанын (куплеттин) башкы тыбышы же морфемасы, сөзү же сабы кайталанып түзүлөт. Анафора поэзияда гана эмес, прозада да, өзгөчө жорго сөздө арбын учурайт.