АНАНЬЕВ Константин Николаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:16, 10 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАНЬЕВ Константин Николаевич [14.07.1910, РФ, Симбирск (Ульяновск) ш. – 22. 10. 1981, Фрунзе)] – байланыш системасынын новатору, Социалдык Эмгектин Баатыры (1956). Ананьев 1933-жылдан Кыргызстандагы байланыш системасында иштеп, радиотехниктен Кыргыз ССР байланыш министринин орун басарына чейин көтөрүлгөн. Ал жетекчилик

кылган Кыргызстандагы байланыш кызматкерлеринин тобу тоолуу жердеги радиореле магистралын кеңейтүүдө жана телекөрсөтүүнү жакшыртууда кыйла эмгек сиңирген. Топтун демилгеси менен Советтер Союзунда 1-жолу телефон байланыштарын аба аркылуу жүргүзүү иши уюштурулган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.