АМРИТСАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:24, 10 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМРИТСАР – Индиянын түндүк-батышындагы шаар. Пенжаб (Панжаб) штатында. Калкы 1,2 млн (2011). Жолдор тоому. 1577-жылы Өлбөстүк көлүнүн (санскритче – амрита сарас) тегерегинде негизделип, сикхтердин башкы диний жана маданий борбору болгон. Aмритсарда сикхтердин эң ыйык «Алтын храмы» (Харимандир; 16-18-кылым) жайгашкан. «Алтын храм» 1761-жылы кыйроого учурап, кийин кайра калыбына келтирилген, индустардын Дургиана храмы да бар. Амритсар – өлкөнүн өнөр жай жана соода борбору; текстиль, химиялык машина куруу, болот, прокат, кант өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, металлдан, сөөктөн, булгаарыдан буюм жасоо) өнүккөн.

Р. Карачалова.