АМПЕР ЗАКОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:02, 10 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АМПЕР ЗАКОНУ – магнит индукциясынын вектору В менен мүнөздөлгөн магнит талаасына жайгаштырылган I тогу өтүүчү өткөргүчтүн △ᒐ бөлүгүнүн узундугуна таасир этүүчү механикалык күчтү аныктоочу закон: F = kIB △ᒐ sin α, мында α магнит индукциясы менен токтун элементинин IΔᒐ арасындагы бурч. Вектордук Ампер закону d,F = [Idᒐᐧ B| түрүндө жазылат. Бул закон 1820-жылы ачылган. Француз физиги Ампер F күчүнүн чондугу ток күчүнө (/) таасир эткен магнит талаасынын индукциясына (В) жана ток өтүп жаткан өткөргүчтүн магнит талаасын каптаган узундугуна (△ᒐ) пропорциялаш экендигин далилдеген. △F вектору ток өтүүчү өткөргүчкө жана магнит индукциясынын векторуна перпендикуляр болот. Ампер күчүнүн F багыты сол кол эрежеси менен аныкталат. Ар түрдүү электр кыймылдаткычтар (моторлор), электр тогунун чоңдуктарын өлчөөчү приборлордун айрым түрлөрүнүн иштөөсү Ампер күчүнө негизделген.