АЛЫШ СЫМАП КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:35, 9 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫШ СЫМАП КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Үч-Коргон кыштагынан 8 км, Кызыл-Кыя шаарынан 15 км түштүк-батышта, Алыш тоосунун түндүгүндө, деңиз деңгээлинен 1200–1500 м бийиктикте жайгашкан. 1962–1992-жылдары мезгил-мезгили менен издөө жана чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун карбонат терригендик тектеринен түзүлгөн. Жалгыз минералдуу (киноварь) сымап кенташы акиташ жана аны жаап турган терриген тектеринин кошулган жериндеги жаспероид жана акиташ-жаспероид брекчия тулкуларына топтолгон. Кен таштагы сымаптын орточо өлчөмү 0,24%. Кен таштын С2 категориясы боюнча запасы 92,5 миң т сымаптыкы 222,2 т.