АЛЫБЕКОВА Карачач

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:22, 8 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЫБЕКОВА Карачач (1895, Чүй облусу, Москва району, Төрткүл кыштагы – 1960, ошол эле жерде) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958). 1941-жылдан

Москва районундагы Октябрдын 40 жылдыгы атындагы колхоздун баш чабаны болуп иштеген. Ал кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1959-жылы ар жүз тубар койдон 111ден козу (1958-жылы 125тен козу), ар койдон 3,2 кг жүн (1958-жылы 4,3 кг) кыркып алган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган..