АЛФАВИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:57, 8 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛФАВИТ [гр. α٨φαβηԏоҁ гр. алфавитинин биринчи эки тамгасынын аталышынан: α٨φα «альфа» жана (βηԏα «бета» (жаңы гр. «вита»)] – тигил же бул тилдин жазуу системасындагы тамгалардын белгилүү тартипте жайгашкан жыйындысы. Алфавит системасында ар бир тамга башка тамгалар менен байланышсыз каралат. Алфавит жазуусу – сөз курамындагы тыбыштардын ар бирин айрым тамгалардын жардамы менен белгилөөгө негизделген система. Кыргыз тили реформаланган араб, латын, кийин орус алфавитине өткөн. (рецензияда)