АЛТЫН КАЗЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:25, 8 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛТЫН КАЗЫККичи жетиген топ жылдызынын эң жарык жылдызы (α- Кичи жетиген). Батпай турган топ жылдыздардын катарына кирет. Жердеги байкоочуга ал дайыма бир чекитте турат. Кээде ал Уюл жылдызы деп да аталат. Анткени дүйнөнүн түндүк уюлунан тик чыгыш боюнча 1ⁿ, 8ⁿ мин жана жантаюу боюнча 89°01ʼ айырмаланып тургандыктан, жердеги байкоочу ал аркылуу уюлду жана анын бардык тарабын аныктай алат. Анын өңү саргыч келип, бетинин температурасы 7000°Кгe барабар. Көрүнгөн жылдыз чоңдугу 2,1ден 2,3кө чейин өзгөрөт. Алтын казык аркылуу уюлду жана анын бардык тарабын аныктаса болот. Асман сферасындагы жылдыздар алтын казыкка салыштырылып аныкталат.