АЛМАЗДУУ ЖОНУУЧУ СТАНОК
АЛМАЗДУУ ЖОНУУЧУ СТАНОК ‒ алмаздан же катуу болот куймадан жасалган айланма аспаптар менен көзөнөктү жеткире иштетүүчү атайын түзүлмө. Ал тетиктин цилиндр формасындагы сырткы бетин иштетүүгө да ылайыкташтырылат. Тетиктерди массалык түрдө жасоодо көп шпинделдүү станок-жарым автоматтар, аз сериялуу өндүрүштөрдө бир шпинделдүү станок колдонулат. Аны менен иштөөдө өндүрүмдүүлүгү жана иштетилген тетиктин бетинин сапаты жогору болот. Бул станок менен тетикти иштетүүнүн тактыгы 0,5‒1,0 мкмге жетет.