АЛЛЮЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 8 апрель 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЛЮЗИЯ (латынчадан allusio ‒ белги берүү, жаӊсоо) ‒ жалпыга белгилүү өткөн окуялар же фактылар тууралуу белги берүү. Автор учурдагы коомдук-саясий абалга, кырдаалга карата өз оюн тике айтпай же цензурадан жашыруу үчүн өткөн бир окуяларды өз чыгармасында кыстарып кетиши мүмкүн, мына ушул көрүнүш аллюзия же реминисценция кубулушу деп аталат.