АЛЛИТЕРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 8 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЛИТЕРАЦИЯ (латынча аlliteratio; аd ‒ карай, жанында, littera ‒ тамга) ‒ сөздүн тыбыштык курулушун уюштуруудагы тыбыштык кайталоолордун бир ыкмасы, башкача айтканда, бирдей үнсүз тыбыштардын симметриялык түрдө кайталануусу. Аллитерация аркылуу байланышкан сөздөр кеп агымында интонациялык жактан өзгөчөлөнүп турат. Стилистикалык ыкма катары аллитерация байыркы мезгилдерден бери эле оозеки чыгармачылыкта, көркөм сөздө, өзгөчө, анын ритмикалык жактан ырааттуу уюшулган түрлөрүндө (ырда) кеӊири колдонулуп келген. Көптөгөн макал-ылакаптар, жаӊылмачтар аллитерация аркылуу уюшулган (мисалы, «Таз таранганча, той таркайт»; «Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк»). Аллитерациянын жөнөкөй түрү тыбыш тууроо, бирок ал таза түрүндө өтө сейрек кездешет да, кийинки тыбыштык ассоциацияларга негиз болот. Аллитерация тыбыштык кайталоолордун дагы бир түрү ‒ ассонанска (бирдей үндүүлөрдүн симметриялык кайталануусу) жакын туруп, кээде катарлаш же чогуу колдонулат.