АЛЛИЛ СПИРТИ
АЛЛИЛ СПИРТИ, CH2=CH‒CH2OH ‒ каныкпаган эӊ жөнөкөй спирт, молекулалык салмагы 48,08, кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо t 96,9°C. Суу, спирт, эфир менен бардык көлөмдө аралашат. Спирт тобуна жана кош байланыштуу этиленге мүнөздүү реакцияларга кирет. Аллил спирти глицеринди суусуз козу кулак кислотасы менен кошуп, 150°C чейин ысытуудан алынат: CH2(OH)CH(OH)–CH2OH + (COOH)2→CH2=CH‒CH2 OH+2H2O+2CO2. Аллил спирти глицерин, синтездик чайыр жана пластмасса алууда колдонулат.