АЛИЕВ Сатыбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 7 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИЕВ Сатыбек (10. 05. 1938-жыл, Чүй облусу, Чүй району, Кегети айылы ‒ 07. 11. 2005-жыл, Бишкек шаары) ‒ «Манас» эпосун жыйноочу, изилдөөчү, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда, кийин Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясында иштеп, «Манас энциклопедиясын» даярдоого активдүү катышкан. Белгилүү манасчылар боюнча илимий-изилдөөлөрү «Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери» (1988) аттуу китепке кирген.