АЛЕВРОЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:58, 7 апрель 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕВРОЛИТ (грекче aleuron ‒ ун, lithos ‒ таш) ‒ негизинен 0,01‒0,1 мм өлчөмүндөгү бүртүкчөлөрдүн (алеврит) цементтелип, ныкталышынан пайда болгон жана диагенездин таасиринен өзгөрүүлөргө учураган катуу чөкмө тоо тек. Алевролит нефть, газ жана суу топтолуучу тоо тектерден. Кыргызстанда кеӊири таралган.