АЛДАШЕВА Айгүл Абдулхаевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 7 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛДАШЕВА Айгүл Абдулхаевна (03. 06. 1951-жылы туулган, Фрунзе) ‒ психология илимдеринин доктору (1996). Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. КР УИАсында илимий кызматкер болуп иштеген. Социалдык психология жана башкаруу психологиясы боюнча адис. 1999-жылдан КРдин Улуттук банкынын персоналдар менен иштөө боюнча кеӊешчиси. А. Алдашеванын адамдын эмгек ишмердигиндеги психологиялык факторго жана анын физиологиялык жактан нормалдашуусуна талдоо жүргүзгөн 40тан ашык илимий эмгектери бар.