АЛА-ТОО КРОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 6 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛА-ТОО КРОКУСУ (Crocus alatavicus) ‒ чекилдектер тукумунун бир түрү. Көп жылдык пияз түптүү өсүмдүк. Пияз түбү тоголок, бийиктиги 1‒2 см, калыӊ күрөӊ кабыктарга оролгон. Жалбырагынын саны 5‒15, кууш тасма сымал, гүлү ак, жыпар жыттуу, мөмөсү сүйрү кутуча. Февраль, апрелде байчечекейден кийин эле эрте гүлдөөчү өсүмдүк. Март, июнь айларында уругу бышат. Кыргыз Ала-Тоосунда, Талас, Фергана жана Чүйдүн сары топурактуу өрөөндөрүндө, адырларында таралган кооз өсүмдүк.