АКЧАБАЕВ Малик

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 6 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЧАБАЕВ Малик (1932-жылы туулган, Ош облусу , Хиля кыштагы) ‒ пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1979), Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978). Эмгек жолун 1950-жылы Ленин районундагы Калинин атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган.

1965-жылдан пахтачылык бригаданын бригадири. Анын жетекчилигинде бригада 1979-жылы пахтадан ар бир га жерден 53,5 цден түшүм алган. 1975‒1980-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.