АКСИОМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:36, 6 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКСИОМА (грекче аxioma ‒ ылайык табылган, кабыл алынган негиз) ‒ кээ бир математикалык теорияларды түзүүдө далилдөөсүз кабыл алынган математикалык чындык. Кайсы бир аксиомалык теорияны түзүүдө адегенде негизги түшүнүктөр деп аталган аныкталбай турган негизги объектилер жана алардын арасындагы негизги катыштар тандалат. Андан кийин негизги түшүнүктөрдүн ар түрдүү касиеттерин көрсөтүүчү сүйлөмдөр алынат. Аксиома көп кылымдык тажрыйбадан, практикадан, эксперименттен жана илимдин өсүшүнөн келип чыгып, далилдөөнү талап кылбаган чындык катары каралат. Байыркы Грекияда аксиома терминин Аристотель биринчи пайдаланган, кийин ал термин Евклид жана анын ишин улантуучулар аркылуу геометрияга кирген. Орто кылымда аксиома аристотелдик философиядан илимдин башка тармактарына өтүп, андан ары алар аркылуу турмуштук чындык катары кабыл алынган. Математикалык логиканын өнүгүшү аксиома түшүнүгүнүн өсүшүнө түрткү болгон. Аксиома постулат деп да аталат.