АКАДЕМИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:13, 6 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКАДЕМИК – академиянын анык мүчөсү (мисалы, КР УИАсынын анык мүчөсү). Ал академия­нын жалпы чогулушунун жашыруун добуш берүүсү менен шайланат. КР УИАнын ардактуу академиги деген да наам берилет. Академик наамы бир нече чет өлкөлөрдө да бар. Мурун СССР Илим­дер академиясынын, союздук республикалардын академияларынын, Москвадагы Ленин атындагы Бүткүл союздук айыл чарба академиясынын (ВАСХНИЛ) академиги – анык мүчөсү деген наамдар ыйгарылган. Азыр кыргыз окумуштуу­ларынын ичинен чет өлкөлөрдүн ар кандай ака­демияларына мүчө (академик) болгондор бар.