АК-САРАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-САРАЙ ‒ Амир Темир дооруна таандык архитектуралык эстелик. Өзбек Республикасынын Шахрисабз шаарында жайгашкан. Пайдубалы 1380-жылы түптөлгөн. Ал Амир Темирдин Хорезмдеги жеӊишинин урматына салынган. Эстеликте чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, ошондой эле «798-хижра жылы (16. 10. 1395‒5. 10. 1396)» деген жазуулар бар. Ак-Сарайдын курулушу Темирдин уулу Шахруктун тушунда аяктаган. Жазма даректерде 1707-жылы Ак-Сарайда Бухара ханы Убайдулла отурганы айтылат. 1403-жылы Шахрисабзда болгон испан элчиси Г. Клавихо Ак-Сарайдын өзгөчө көркөмдүүлүгүн жазат. Ал мамлекеттин жана ЮНЕСКОнун камкордугуна алынган.