КООПСУЗ АРАЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 1 апрель 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООПСУЗ АРАЛЫК – жарылуучу заттардан кишиге, механизмге, үйлөргө чейинки жарды­руу таасири тийбеген аралык. Бул аралык «Жар­дыруу иштеринин эрежеси» боюнча аныкталат. Эл отурукташкан аймактарда ар кандай кокустук­тардан сактануу үчүн жардыруу иштери негиз­ги жерден эки эсе алыс жүргүзүлөт. Көп кабат­туу үйлөрдүн, бураналардын, көпүрөлөрдүн ара­лыгы атайын эсептөөлөр м-н такталат.