КООПЕРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 1 Апрель (Чын куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООПЕРА́ЦИЯ (лат. cooper–tio – кызматташ­тык) – 1) бир же бир нече тыгыз байланышкан ж-а өз ара макулдашылган эмгек процесстери­не бирге катышуучу ар түрдүү сандагы адамдар­дын кызматташтыгы. Кызматташтыктын мын­дай формасы экономикада эмгек кооперациясы деп аталат. Бир жактуу жумуш (жер иштетүү, түшүм жыйноо, курулуш) аткаруучу жөнөкөй кооперация ж-а эмгекти бөлүштүрүүгө негизделген татаал кооперация деп бөлүнөт; 2) ишмердиктин түрдүү жакта­рында белгилүү бир жетишкендиктерге ээ болуу үчүн жумушчулардын, кызматкерлердин, май­да өндүрүшчүлөрдүн, дыйкандардын, менчик ээлеринин өз ара жардамдашуусунун уюштурул­ган ыктыярдуу бирикмеси. Өнөр жай ж-а айыл чарба коо­перациялары, керектөө ж-а кредиттик өнөктөш­түк, турак жай, курулуш кооперациялары ж. б. бар.