КООМДУК ФИЛОСОФИЯ
КООМДУК ФИЛОСО́ФИЯ , с о ц и а л д ы к ф и л о с о ф и я – философиянын коом деген эмне, анда адамдын орду кандай деген суроого жооп берүүнү көздөгөн бир бөлүгү. Ушул маанисинде коомдук философия теориялык социологияга жакындап кетет, айырмасы социология жашап жаткан коомду анализдеп, анын мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктайт, ошол эле убакта коомдук философия сындык функцияны аткарат. Философиядагы социалдык проблематика антикалык мезгилде башталып, баарынан мурда Платондун («Мамлекет») ж-а Аристотелдин («Саясат») эмгектеринде кездешет. Коомдун өтө таасирдүү философиялык ж-а социалдык концепцияларына марксизм (К. Маркс, Ф. Энгельс), неомарксизм (Д. Лукач), либералдык теория (Л. фон Мизес, Ф. Хайек), «массалык коом» теориясы (Х. Ортега-и-Гасет), тоталитардык коом теориясы (Юнгер, Арендт, Мангейм), өнүккөн индустриялык коом теориясы (Франкфурт мектебинин өкүлдөрү: М. Хоркхаймер ж-а Г. Адорно, Г. Маркузе), постиндустриялык коом ж-а маалымат коом теориясы (Д. Белл, О. Тоффлер), «соңку модерн» коом теориясы (Гидденс) ж-а империялык глобализм теориясы (Хардт и Негри) кирет. Коомдук философия дүйнөгө көз караш, методологиялык ж-а гуманитардык функцияларды аткарат. Ал бардык гуманитардык илимдер, анын ичинде психология, лингвистика м-н тыгыз байланышта болот.