АРКАЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:48, 31 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) (Created page with "'''АРКАЛЫК''' (аркалыктар) – кыргыздардын оң канат урууларынын кыйыр түрдө айтылышы. Көбүнчө ономастикада ичкилик (кара: Булгачы уруулук бирикмеси) урууларына карама-каршы айтылган сөз айкашы (антоним) түрүндө түндүк кыргыздарга карата колдонулат. Б...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКАЛЫК (аркалыктар) – кыргыздардын оң канат урууларынын кыйыр түрдө айтылышы. Көбүнчө ономастикада ичкилик (кара: Булгачы уруулук бирикмеси) урууларына карама-каршы айтылган сөз айкашы (антоним) түрүндө түндүк кыргыздарга карата колдонулат. Бул байыркы түрк сөзүнүн түпкү-теги, анын жаралышы тууралуу окумуштуулар бирдей пикирге келе элек. Кыргыздын оозеки санжырасындагы «Агуул» (оң) жана «Кубул» (сол) тууралуу уламыштарына таянган Б. Солтоноев мындай аталышты («арка», «ичкерлик») ортодогу Ала-Тоо тоолору аркылуу ажыратууга аракет жасаган. С. Абрамзон коңшу эл тарабынан берилиши мүмкүн деп эсептеген. Мааниси боюнча «арка», ошондой эле «ар-т», «ар (т) жак», «арка жак», «ар-ты») деген сыяктуу сөздөр мейкиндик жана убакытка ылайык сырткы же арткы бөлүк, алыскы, андан ары жайгашкан деген түшүнүк катары колдонулат. Мындан тышкары, жазма маалыматтарда «Арка» деген аталыш топоним катары Балхаш көлүнүн түндүк, түндүк-чыгышында жайгашкан тоолордо да кездешет. Тыва тилинде аркалык («аргалык») «токойлуу жер», «тоо» деген мааниде колдонулат. Жалпы кыргыз жана түштүк алтай тилдеринин лексика, фонетика, морфология жаатындагы айрым сөздөрдү изилдөөгө алган Б. Юнусалиев түндүк (аркалык) кыргыздар айлтайлыктар менен моңгол чапкынынан алда канча мурун байланышкан деген тыянакка келген.

Ад.: Юнусалиев Б. М. К вопросу о формировании общенародного киргизского языка. //Труды ИЯЛ АН Кирг. ССР, 1956, вып. VI; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999.