КОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:44, 31 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОО – эки жагы бийик, ортосу чуңкур ой жер, аң. Түздүк-ойдуңдуу, бөксө тоолуу аймактарга таандык, нымды сүйүүчү өсүмдүктөр таралган. Жазында кар эриген кезде сууга толот. Коо эро­зиялык процесстердин (кээде карсттык, эолдук, аралаш) таасиринен пайда болот. Бул түшүнүк географиялык аталыштардын курамында кеңири тарал­ган: Сары-Коо (Панфилов районундагы канал), Сары-Коо-Сай (Ат-Башы районундагы Орто-Суунун куймасы), Кара-Коо (Тоң, Кочкор райондорундагы тоолор, Ат-Башы районундагы суу, Тоң районунда­гы кыштак) ж. б.; Кочкор өрөөнү да мурда Кара- Коо аталган.