КОНЦЕССИЯ
КОНЦЕ́ССИЯ (лат. concessio – чечүү, эпке келүү) – мамлекетке же муниципалитеттерге таандык жаратылыш байлыктарын, ишканаларды ж-а башка чарбалык объекттерди белгилүү бир мөөнөткө пайдаланууга берүү тууралуу келишим. Мындай келишимдин негизинде уюшулган ишкананын өзү да концессия деп аталат. Мамлекет чет өлкөлүк фирмага (же жеке менчик ээлерине) берген концессия ошол мамлекеттин мыйзамдары м-н жөнгө салынат. Эл аралык укукка ылайык мамлекет концессия аракетин мөөнөтүнөн мурда токтото алат.