КОНЦЕНТРАЦИЯЛЫК ЛАГЕРЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 31 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЦЕНТРАЦИЯЛЫК ЛАГЕРЛЕР – 1) эл коргонуу үчүн колдонулган жай. Англия-бур согу­шу (1899–1902) мезгилинде лорд Китченер тарабынан түзүлгөн. Китченер өзү жүргүзгөн «жерди өрттөө саясатынан» бурлар, негизинен аялдар ж-а балдар сактанып, концентрациялык лагерге жашынууга аргасыз болгон. Концентрациялык лагерлер 2 түрдүү болгон: жумушчу лагерлери (туткундардан жумушчу командалар түзүлгөн) ж-а жок кылуу лагерлери. 1919-жылы Ленин падышалык Россиянын сүргүн системасын кеңейткен. 1930-жылы өзгөрүлгөн ат м-н ГУЛАГ (түзөтүү эмгек лагеринин башкы баш­кармалыгы) түзүлгөн. Сталиндик репрессия уба­гында 15 млнго жакын адам ГУЛАГга кама­лып, алардын көбү оорудан ж-а ачкадан өлгөн же атылып кеткен; 2) н е м и с т и к - ф а ш и с т т и к концентрациялык лагерлер Германияда 1933-жылы гитлерчилер бийликке келгенден кийин, фашисттик режимге каршы чыккандарды куугунтуктоо үчүн түзүлгөн. 1934-жылдан концентрациялык лагерлерди ССтин органдары башкарып ж-а коргоп турган. 1938–39-жылдарда концентрациялык лагерлер системасы фашисттик Германия басып алган өлкөлөрдө курулуп, ал өлкөлөрдүн элине каршы репрессия м-н геноциддин куралына айланган. Газ камералары ж-а крематорийлер м-н жабдууланган Бухенвальд, Заксенхаузен, Освенцим, Майданек, Треблинк ж. б. концентрациялык лагерлерде СССР, Польша, Франция, Бельгия, Нидерланд, Чехослова­кия, Югославия, Румыния, Венгрия ж. б. өлкөлөрдүн 11 млндон ашуун жарандары жок кылынган. Учурда мурдагы концентрациялык лагерлердин аймактарын­да музейлер, эстеликтер тургузулуп, тирүү калган туткундардын жолугушуулары болуп турат.


Ад.: СС в действии. Документы о преступлениях СС. М., 1969.