КОНФИГУРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНФИГУРА́ЦИЯ (лат. c–nfigur–tio – формага келтирүү, жайгаштыруу) – сөлөкөт; буюмдардын өз ара жайгашышы. Инциденттүүлүктө (таандык болууда) бири-бири м-н байланышкан чекит, түз сызык, тегиздиктердин чектүү көптүгү. Конфигурация тегиздик ж-а мейкиндик конфигурациясына бөлүнөт. Т е г и з д и к конфигурациясы – ар кандай чекит бирдей сандагы g түз сызыктарына инциденттүү, тескерисинче, ар кандай түз сызык бирдей сандагы n чекиттерине инциденттүү болгон тегиздикте­ги p чекиттери м-н g түз сызыктарынын чектүү системасы. Эгер берилген конфигурацияда чекиттердин минималдуу системасынан түгөйлөш түз сызыктар­ды ж-а түгөйлөш түз сызыктардын кесилишин инциденттөө жолу м-н бардык конфигурацияны алууга мүмкүн болсо, анда мындай система берилген конфигурацияны түзүүчү система деп аталат. Мындай учурда p, g, y, n сандары py= gn катышы м-н байланышат ж-а конфигурация (рy, gn) символу м-н белгиленет. Бирдей сандагы чекит м-н түз сызыктуу конфигурация (рg) туюнтулат. Конфигурациянын а в т о м о р ф и з м и бир да инциденттүүлүктү жоготпогон же кошумчалабаган ж-а чекит чекитке, түз сызык түз сызыкка өтүп, дал келген конфигурация өзүнө өзү чагылып дал келүүсү деп аталат. М е й к и н д и к конфигурациясы – ар бир чекити бирдей сандагы чекит м-н инциденттүү болгон чектүү сандагы чекит ж-а тегиздиктер системасы. Чекит м-н тегиздиктер түзүлгөн конфигурация м-н катар мейкиндикте чекит ж-а түз сызыктардан турган конфигурациялар да каралат. Конфигурация теориясы бир катар геометриялык маселени чечүүдө колдонулат.