ИМАМ-АТА
ИМАМ-АТА, М а д а н и я т – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Датка айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1100 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 23 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 5 км. Кыштак 1950-жылы негизделген. Калкы 5083 (2025); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. ФАП иштейт.