ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:44, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ КЫРКА ТООСУ Памирде меридиан багытында созулуп жатат. Узундугу 110 кмдей. Эң бийик жери 7495 м [Сомони (1999-жылга чейин Комму­низм) чокусу]. Палеозойдун чөкмө жана мета­морфизмделген тоо тектеринен, чанда гранит­тен турат. Кыр жагына альп рельефи мүнөздүү. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 660 км2ге жетет. Ири мөңгүлөрү Федченко, Гармо ж. б. Ланд­шафты гляциалдык-нивалдык жана субнивал­дык. Кырка тоону Н. Л. Корженевский алгачкы жолу изилдеген. 1927-жылы СССР илимдер академиясынын наамы­нан аталган.