ИЛЕ АЛА-ТООСУ
ИЛЕ АЛА-ТООСУ – Теңир-Тоо тармагынын бир тармагы, кырка тоо. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында. Басымдуу бийиктиги 3500 мге жакын, эң бийик жери – Талгар чокусу, 4973 м. Архей заманында пайда болуп, өзгөрүүлөргө дуушарланган жана метаморфизмделип, гранитке

өткөн байыркы тоо тек катмарлары жатат. Протерозой менен палеозойдун (кембрий, ордовик, девон, карбон, пермь) тоо тектери да бар. Тоо этектеринде антропоген мезгилинин чөкмөлөрү жатат. Интрузия тоо тектеринен гипербазит, габбро, гранит жана сиениттердин массивдери кездешет. Тоонун мезозойго чейинки тектоникасы татаал, ал эми азыркы учурда ал негизинен бир мегантиклиналды түзүп жатат. Полиметалл, висмут, алтын, молибден, сейрек жана чачынды элементтер, кооз мрамор, гранит ж. б. кендери бар. Кырка тоо борбордук бөлүгүнөн батышты жана чыгышты карай жапыздайт. Түштүк капталдары тик жана кыска, түндүгү жазы. Кээ бир чокуларын мөңгү каптап жатат (жалпы аянты 484 миң км2). Түндүк капталынан Иле дарыясынын, түштүгүнөн Чоң Кемин суусунун куймалары башталат. Иле Ала-Тоосуна жарым чөл (900–1300 м бийикке), талаа (900–1900 м), токой-шалбаалуу талаа (1400–2800 м), шалбаалуу субальп (2500– 3100 м), шалбаалуу альп (3100–3500 м) жана гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Түндүк этегинен Алматы шаары орун алган.