АЙРЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙРЫК, а й р ы л ы ш – дарыялардын, тоо тизмектердин, жолдордун тармактанып бөлүнүп кеткен жери. Башка тилдерде жолдор тоому (азербайжан), суу бөлгүч тоо (түрк), дарыя са­лаасы, тоо тармагы (алтай, өзбек), шаңшаар, тоону бөлүп турган капчыгай (тажик) жана башка маа­нилерди билдирет. Кыргызстанда «айрык» түшүнү­гүнө байланыштуу – Айры‑Таш, Бел‑Айрык, Айры‑Төр, Айры‑Там ж. б. топонимдер бар.