КОНТР-АДМИРАЛ
КОНТР-АДМИРА́Л – 1) көпчүлүк мамлекеттердин АДФиндеги биринчи же кенже адмиралдык чин; кургактагы аскерлердин генерал-майор наамына тең. Россияда контр-адмирал чини 1699- жылдан колдонулуп, 18-кылымда анын ордуна бир азга шаутбенахта ж-а арир-адмирал чиндери кийрилген. Ранг жөнүндөгү табель боюнча биротоло 1722-жылы 24-январда кабыл алынган (к. Аскердик наамдар). Контр-адмирал наамы СССР АДФке СССР Жогорку Советинин Президиуму тарабынан 1940-жылы 7-майда киргизилген; 2) ушул чинге ээ адам.