КОНТИНЕНТТИК КЛИМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:13, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТИНЕНТТИК КЛИ́МАТ – материктин ички (океан, деңиздерден алыс) бөлүктөрүндө кургактыктын атмосферага тийгизген таасиринен пайда болгон климат. Континенттик климат Евразиянын борбордук бөлүгүнө ж-а Түндүк Америкага мүнөздүү. Мелүүн алкактарда абанын температурасы жыл (жайы ысык, кышы суук) ж-а сутка ичинде кескин өзгөрүп турат. Деңиз климатынан жаан-чачындын аз жаашы, булуттуулуктун аздыгы, шамалы басаң болгон­дугу, абанын жылдык орточо температурасынын төмөндүгү, аба ырайынын бат-бат өзгөрүп туру­шу ж-а атмосферанын чаңдуулугу м-н айырмаланат. Климаттын континенттүүлүгү материктин ичин карай күчөйт. Кыргызстан аймагына да континенттик климат мүнөздүү. Анда абанын жылдык орточо температурасы өрөөндөрдө 5–6°Сден 10–13°Сге чейин, бийик тоолуу зонада –7– –8°С. Абсолюттук минимум –53,6°Сди (Ак-Сай өрөөнүндө), абсолюттук максимум 44°Сди (Чүй өрөөнүнүн түндүгү) түзөт.