ИЗМИР
ИЗМИ́Р (Izmir, байыркы грекче – Смирна) – Түркиядагы шаар жана ири порт. Эгей деңизиндеги Измир булуңунун жээгинде жайгашкан. Измир илинин (администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Калкы 2,9 млн (2022). Эл аралык аэропорту бар. Тамак аш – татымал, текстиль, машина куруу ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. Биздин заманга чейин 2-миң жылдыкта негизделген. Биздин заманга чейин 7-кылымдагы ибадаткананын калдыктары, Тантал күмбөзү (биздин заманга чейин 6-кылым) чептин (эллинизм мезгили) дубалы жана дарбазасы, агора мечити (2-кылым) сакталган.