КОНТЕКСТ
КОНТЕ́КСТ – көркөм чыгарманын мааниси жагынан байланышта, биримдикте турган, үзүп алууга мүмкүн болбогон бөлүгү. Адабий чыгарманы талдоодо контекстке чоң маани берилет. Контекст өзүнчө бир фразада, строфада, абзацта гана бир ойдун бүтүндүгүн түзбөстөн, көркөм тексттин бүткөн туруш-турпатын жаратат. Ошондуктан белгилүү бир сөздү же фразаны өзүнчө бөлүп албай контекстте гана түшүнүп, талдоого болот. Автордун пикири, каармандардын сөздөрү контекстке байланыштырылып текшерилбесе, автордун сөзү м-н каармандын сөзү чаташып кетиши мүмкүн. Тексттен цитата алган учурда да сөздөрдү, фразаларды бөлүп албастан, анын маанилүү бөлүгүнүн баарын алуу керек.