ИВАНО-ФРАНКОВСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:22, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВА́НО-ФРАНКО́ВСК (1962-жылга чейин С т а н и ­с л а в) – Украинанын батышындагы шаар. Иван Франко облусунун администрациялык борбору. Украина Карпа­тынын тоо этегинде жайгашкан. Калкы 227,8 миң (2025). Темир жол бекети, эл аралык аэропорту бар. Шаар 17-кылымдын 2-жарымында негизделген. 1919–39-жылдарда Польшанын, 1939-жылдан Украи­нанын курамында. Машина куруу жана металл иштетүү өнүккөн. Мини-трактор, айыл чарба шайман­дарынын жабдуулары чыгарылат. Химия, жы­гаччылык, жеңил, тамак-аш өнөр жайы иштейт. Архитекту­ралык эстеликтерге бай. Университеттер, китепкана, му­зейлер, театрлар бар. 1962-жылы украин жазуучу­су И. Я. Франконун урматына аталган.