ИБАДАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:05, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБА́ДАН – Нигериянын түштүк-батышындагы шаар. Ойо штатынын администрациялык борбору. Калкы 3,8 млн (2007; шаар айланасы менен 4,7 млн); кал­кынын саны боюнча өлкөдөгү Лагос менен Канодон кийинки 3-шаар. Жол тоому. Лагос – Кано темир жол магистралындагы бекет. Аэропорту бар. 1829-жылы негизделген. Шаар-мамлекет катары өнүккөн. Жети дөңсөөгө жайгашып, айланта 16 дарбазалуу ылай дубалдар менен курчалган. Шаар­дын эски бөлүгүндө 1–2 кабаттуу ылайдан салынган үйлөр сакталган. Заманбап курулуш­тарынын бири Коко-хаустун имараты (Тропик­тик Африкадагы эң бийик курулуш). Шаар – өлкөнүн ири соода жана өнөр жай борборлору­нун бири. Тамак-аш, тамеки, автомобиль ку­раштыруу өнөр жайлары жана жыгач, пластмасса жана резинадан буюм жасоочу ишканалар иш­тейт. Тери өңдөлүп, кол өнөрчүлүк (килем, кез­деме токуу, боёо, карапа, металл иштетүү) өнүккөн. ИИИлер, университеттер (анын ичинде Ибадан), институт­тар, илимий коомдор жана ассоциациялар (анын ичинде гео­графия, экономика, микробиология), коллеж­дер, китепкана, музейлер (анын ичинде этнография), улут­тук архив ж. б. бар. Ботаникалык бак жана зоопарк уюштурулган.