«КЫССА-И-СЕМЕТЕЙ БУ ТУРУР»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:53, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫССА-И-СЕМЕТЕЙ БУ ТУРУР» («Бу Семетей жөнүндөгү дастан») – «Семетей» эпосу тууралуу кол жазма. Эпос 2 бөлүктөн турат жана араб тамгасы менен көркөмдөлүп жазылган. Анын түп нуска­сын Талас өрөөнүнүн Кең-Арал айлынын жа­шоочусу Жунуш Молдодон адабиятчы Ш. Үмөталиев алып, 1957-жылы Кыргыз ССР ИАнын Кол жазма­лар фондусуна өткөргөн. Айрым маалыматтар боюнча 19-кылымда Балыкооздон жазып алган Токто­газы Жусупбек уулу (1864–1933) таластык Жанаалы деген карыяга берген. 1972-жылы профессор С. Кудайбергенов ал кол жазманын түп нуска­сын сүрөткө түшүрүп, көчүрмөсүн УИАнын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн. Кол жазма 6120 ыр сабынан (117 бет) туруп, майда тамгалар менен ар бир барактын бетине үч катардан жыш жазылган. Бул кол жазма лирикалык роман­тикалуу багыттагы дастан жана кыргыздардын совет дооруна чейинки жазма тарыхын үйрөнүү үчүн баалуу булактардын бири.