ЗООГЕОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:42, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗООГЕОГРА́ФИЯ , ж а н ы б а р л а р г е о ­г р а ф и я с ы – географиянын жана зоологиянын жер бетиндеги жаныбарлардын географиялык таралы­шын изилдөөчү бөлүгү. Ал систематика, па­леонтология, экология ж. б. биологиялык илимдер менен тыгыз байланыштуу. 18-кылымда зоогеографиялык экспе­дициялар уюштурулуп, чогулган материалдар 19-кылымда жыйынтыкталган. Зоогеографиянын өсүшүндө Ю. И. Семашко, Н. А. Северцов жана А. П. Семёнов-Тянь-Шанский ж. б. орус илимпоздорунун эмгеги зор. Зоогеографиянын мааниси жаратылыш байлык­тарын сарамжал пайдалануу зарылдыгына не­гизделген. Анын негизги ыкмасы – зоологиялык карта түзүү жана андагы түрлөрдүн жашаган ареалын тактоо. Түрлөрдүн таралышы, курамы боюнча жыйынтыктар ошол өлкөнүн фаунасы жөнүндө жалпы маалымат берет. Белгилүү бир аймакта гана жашаган түр эндемиктер деп аталат. Акыркы жүз жылда адамдын иш-аракетине байланыштуу табиятты өзгөртүү (айдоо, токой кыюу, саз кургатуу, кырып жок кылуу, куру­луш ж. б.) фаунанын өзгөрүшүнө, айрым түрлөр­дүн тукум курут болушуна, ошондой эле кээ бир жа­ныбардын адамга көнүп же мителик кылып жашап, ылайыктанышына алып келди. Зоогеография түр­дүн пайда болуу жолдорун жана себебин изилдөө, аңчылык, балык кармоо, токой жана айыл чарбасынын зыянкечтерин жоготуу, пайдалуу жана териси баалуу айбанаттарды коргоо ж. б. маселелерди чечүүдө практикалык мааниси чоң.