АЗУРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:06, 27 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗУРИТ (французча azurite – көгүлтүр) – карбонат­тар классындагы минерал. Химиялык формуласы Си3[С03]2(0Н)2. Моноклин сингониясында кристаллданат. Катуу­лугу Моос шкаласы боюнча 3,5–4, тыгыздыгы 3773 кг/м3. Салыштырма салмагы 3,77, өңү кочкул көк, айнек сымал жалтырак. Табиятта халькопирит, борнит жана башка минералдардын кычкылдануусунан пайда болот. Азурит – курамында 55,3% жез кез­дешкендиктен жездин баалуу кен ташы. Көк боёк жасоого да пайдала­нылат.