КОНСЕРВАЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 27 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСЕРВАЛОО (азык-түлүктү) – тамак-аш азык-түлүктөрүн узак убакытка сактоодо бузулуп кетпеши үчүн иштетүү ыкмалары. Негизинен азык-түлүктөр андагы микроорганиздердин көбөйүшүнөн ж-а азык-түлүктөрдүн курамындагы ферменттердин терс аракетинен бузулат. Консервалоонун бардык ыкмасынын негизги максаты – микроорганиздерди жок кылуу, ферменттердин активдүү аракеттерин токтотуу болуп эсептелет. Анын ыкмасына стерилдөө, пастерлөө, тоңдуруу, кургатуу, туздоо, ыштоо (сүрсүтүү), кант ж-а химиялык заттарды кошуп иштетүү кирет. Консервалоонун бардык ыкмасында азык-түлүк алгач сорттолот, жуулат, желбөөчү бөлүктөрүнөн тазаланат. Эт азыктарынын тарамыштары, балыктын түрпүлөрү ж-а ичи алынып ташталат. Стерилдөөдө азык-түлүк 100–140°С температурага чейин, пастерлөөдө 100°Сге чейин ысытылса, тоңдуруу үчүн –18°тан –25°С температурага чейин муздатылат. Кур­гатууда азык-түлүктөгү ным жок кылынат. Ошентип, консервалоонун бардык ыкмаларында микро­организмдердин жашоо чөйрөсүн жок кылуу ча­ралары көрүлөт (к. Стерилдөө, Пастерлөө, Тоң­дуруу).