АЗОТБАКТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:01, 27 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗОТБАКТЕР (Azotobacter) – абадагы азотту топтоп, андан өз клеткасынын белогун син­тездөөчү, эркин жашоочу бактериялар. Ал ша­палакчалуу, кыймылдуу, сүйрү же тоголок түзүлүштө болот, спора пайда кылбайт. Анын 4 түрү топуракта, сууда жашайт. Көбүнчө жак­шы иштетилген топуракта болот. Азотбактерден бир катар витаминдер, ауксин сымал өстүргүч заттар, айрым антибиотиктер даярдалат. Андан Азот жер семирткичи алынат, кара: Азот топтоочу микроорганизмдер.