КОНСЕПСЬОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 27 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСЕПСЬО́Н – Чилидеги шаар. Био-Био облусунун административдик борбору. Калкы 404,6 миң (2009), агломерациясында 1040,6 миң. Өлкөнүн маанилүү экономикалык борбору ж-а жол тоому. Консепсьондун Тынч океандагы аван порттору Талькауано ж-а Томе. Машина куруу, нефть ажыратуу, нефть-химия, текстиль, полиграфия, цемент, целлюлоза-кагаз ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, музейлер бар. 1550-жылы негизделген. 1818-жылы Консепсьондо Чили­нин көз каранды эместиги жарыяланган.