КОНСЕНСУС
КОНСЕ́НСУС (лат. consensus – макулдук, бир пикирдүүлүк) – эл аралык конференцияларда ж-а кеңешмелерде активдүү түрдө каршылык билдирилбеген учурда, формалдуу добуш берүүнү өткөрбөстөн эле катышуучулардын жалпы макулдугунун негизинде чечимдерди же келишимдерди кабыл алуу. Консенсус методу БУУнун бир катар органдарында кабылданган, ал өткөргөн эл аралык конференцияларда ж-а кеңешмелерде колдонулат. 1975-жылы Европадагы коопсуздук ж-а кызматташтык б-ча кеңешмеде кардиналдуу чечимдерди кабыл алуу учурунда пайдаланылган. Саясий планда алганда ар түрдүү саясий күчтөрдүн ортосундагы жаңжалдарда сүйлөшүүлөр аркылуу ар тараптан өз ара элдешүүлөргө баруу м-н бир пикирге келүү жолу.