КОНЕВ
КО́НЕВ Иван Степанович [16(28). 12. 1897, Вологда губерниясы, Лодейно кыштагы – 21. 5. 1973, Москва] – Советтер Союзунун Маршалы (1944), Советтер Союзунун эки жолку Баатыры (1944, 1945), 1-дүйнөлүк (1914–18) ж-а Жарандык

согуштун (1918–20) катышуучусу. 1918-жылдан Кызыл Армияда. Жарандык согушта Колчак аскерлерине, япон интервенттерине каршы күрөшкөн, Кронштадт козголоңун (1921) басууга катышкан. Аскер академиясынын жогорку курсун бүткөн соң (1926) полктун ж-а дивизиянын командири. 1934-жылы Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүтүргөн. 1934–41-жылы аткычтар дивизиясынын, корпустун, аскер округдарынын командачысы. Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) мезгилинде 19-армиянын, андан соң Батыш, Калинин, Түндүк-Батыш, Талаа, 2-, 1-Украин фронтторунда аскер командачысы. 1945–46-жылдарда советтик аскерлердин Германиядагы борбордук тобунун башкы командачысы ж-а Австрия боюнча жогорку комиссар, 1946–50-жылдарда кургактагы аскерлердин башкы командачысы, СССР Куралдуу Күчтөр министринин орун басары, 1950–51-жылдарда Советтик Армиянын башкы инспектору-аскер министринин орун басары, 1955–60-жылдарда Коргоо министринин 1-орун басары, Варшава келишимине (1955) кирген өлкөлөрдүн бириккен куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы, 1961–62-жылдарда Германиядагы советтик аскерлер тобунун Башкы командачысы, кийин СССР Коргоо министрлигинде генералдык инспекторлор тобунда ж. б. аскердик жооптуу кызматтарда иштеген. СССР Жогорку Советинин (1–8-шайланышынын) депутаты. Жети Ленин, Октябрь Революциясы, «Жеңиш», үч Кызыл Туу, 1-даражадагы эки Суворов ж-а эки Кутузов, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а чет өлкөлүк он үч орден ж-а медалдар м-н сыйланган. Сөөгү Кремль дубалына коюлган. Туулган жерине коло айкел тургузулуп, Аскер-Деңиз Флоту министрлигинин кемеси, Москва, Донецк, Славянск, Харьков, Черкассы, Кировоград шаарларындагы бирден көчө анын ысмынан аталган.
Ад.: Баскаков В. Е. Маршал Конев. М., 1992; Португальский Р. Маршал Конев. Мастер окружений. М., 2007.