КОНДИЦИЯЛЫК КЕНТАШ
КОНДИЦИЯЛЫК КЕНТАШ – физикалык, химиялык ж. б. касиеттерине жараша белгилүү өлчөмдө алынган кенташ. Мында кенташтын курамындагы металлдардын өлчөмү белгилүү бир өлчөмдө болушу зарыл. Мисалы, темирлүү кенташта темир 35– 40%, жез кенташында жез 0,4–1%, алтындуу кенташта алтын 0,04–0,05%тен кем болбоого тийиш. Кээде кенташтагы керексиз аралашмалардын (күкүрт, фосфор ж. б.) саны м-н да кондициялык кенташ аныкталат. Жер астынан казылып алынган кенташтардын кесектигине жараша да кондиция такталат. Казуу, ташуу иштери ыңгайлуу болсун үчүн завод, фабрикаларга жөнөтүлгөн кенташтар белгилүү өлчөмдө, кесектикте даярдалат. Мында кенташтын кесектиги 400–600 ммден ашпоо керек.