АДИПИН КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:00, 26 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДИПИН КИСЛОТАСЫ, HOOC–(СН2)4 –СООН – эки негиздүү органикалык кислота. Түссүз кристалл, мол. м. 146,14, балкып эрүү t149‑150°С, кайноо t 216 – 265°С, жеңил бууланат. 100 г сууда ээрийт, этил спиртинде жана эфирде аз өлчөмдө ээрийт. Ал циклогексанолду азот кислотасы же катализатор катары марганец туздарынын катышуусунда абадагы кычкылтек менен окистендирүүдөн алынат. Нейлон буласын алууда, полиуретандарды синтездөөдө, алкоголсуз ичимдиктерди даярдоодо кычкыл даам берүүчү кошулма катары колдонулат.