ЗЕРГЕР (Өзгөн районундагы кыш­так)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:49, 26 Март (Жалган куран) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕРГЕР – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыш­так. Жазы айыл аймагына караштуу. Зергер суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1323 м бийик­тикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 30 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекети­нен 71 км. Калкы 1494 (2025); негизинен мал чар­басы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.