ЗЕРАВШАН КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 26 Март (Жалган куран) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕРАВША́Н КЫРКА ТООСУ Ысар-Алай тоо ту­тумунда, Зеравшан дарыясынан түштүк тарапта, Өзбек­стан менен Тажикстандын аймагында. Узундугу 370 км­дей. Бийиктиги 5489 мге чейин (Чимтарга чоку­су). Негизинен кристаллдык сланец жана акиташ тоо тектеринен, айрым жери граниттен турат. Чыгышы (Фандарыя суусуна чейин) бийик тоо­луу, батышы орто бийик тоо рельефтүү. Мын­да рельефтин карсттык формасы өөрчүгөн (Киев үңкүрүнүн тереңдиги 950 м). Мөңгүлөрүнүн жал­пы аянты 307 км2. Капталдарын сейрек токой, тоо-талаа өсүмдүктөрү жана альп шалбаасы ээлейт.